Бизнес-насыяны кантип кепилдиктүү алууга болот? Кеңири түшүндүрмө

Бизнес-насыяны кантип кепилдиктүү алууга болот? Кеңири түшүндүрмө

Иштеп жаткан ар кандай бизнес өзүнүн өнүгүүсү үчүн кошумча каражат тартуунун зарылдыгына эртеби-кечпи сөзсүз түрдө туш келет, же бизнестин жаңы, абдан келечектүү багыты табылып, бирок аны ишке ашыруу үчүн каражат табылбайт. Колдо болгон акчаң иштеп жаткан бизнесиңе жумшалып кеткен.

Ишкер адамга мындай учурда эмне кылуу керек?  Бизнести өнүктүрүүнү токтотуу керекпи же жаңы кыялдан баш тартуу керекпи? Жок, мындай кылууга таптакыр болбойт. Банкка барып, бизнес-насыя алууга болот.Бул учурда өзүң менен бирге кандай документтерди ала барсаң болот жана насыя адиси менен кандайча сүйлөшүү керектиги жөнүндө «Бай Түшүм» банкынын сатуулар башкармалыгынын адистери Economist.kg финансылык басылмасына айтып беришти.

Economist.kg сөзсүз кыргыз тилинде да маалымдай баштайт. Азырынча биз эң кызыктуу материалдарды которуп атабыз. Бул жаатта биз менен кызматташкан «Бай Түшүм» банкына ыраазычылык билдиребиз.

Өз мүмкүнчүлүгүңдү баалоо

Эң эле татаалы: Сизден азыркы иштеп жаткан бизнесиңиздин учурдагы абалы жөнүндө дыкат жүргүзүлгөн  анализи талап кылынат. Акчанын бардык жүгүрүмдөрүн — киреше кайдан жана канча түшө тургандыгы, кандай чыгымдар болот жана болушу мүмкүн экендиги тууралуу жакшылап эсептеп, жазып алыңыз. Бизнес боюнча учурдагы бардык операцияларды, канцтоварларды сатып алууга жана кеңсени кармап турууга кетүүчү чыгымдарга чейинки операцияларды да белгилеп алыңыз.

Муну Сиз татаал математикалык формулаларды колдонуу менен Excel боюнча түзөсүзбү же жөнөкөй эле ак кагазга жазып аласызбы анын эч кандай айырмасы жок.

Сиз банктан сурай турган сумма сизге керек экендигин өзүңүзгө далилдей алгандай болушуңуз керек. Ала турган насыянын төлөмдөрүнүн оптималдуу мөөнөттөрү боюнча эле эмес, насыянын өзүн эмне үчүн жана кантип алуу керектиги жөнүндө да дыкат ойлонуп чыгуу керек. Насыялык багытты каттоодон өткөрүп, насыяны транштарга бөлүп коюуга болот жана зарылдыкка жараша улам бир бөлүгүн алып туруу да ыңгайлуу. Мында насыя арзаныраак болот.

Өзүңүз канча иштеп табаарыңызды жана сиздин кирешеңиз төмөнкү үч багыт  боюнча чыгымдарыңызды жаба ала тургандыгын эсептеп чыгыңыз:

  • Бизнести кармап турууга кетүүчү чыгымдар
  • Насыяны төлөөгө кетүүчү чыгымдар
  • Күндөлүк чыгымдар, мунун ичинде үй-бүлөнү камсыз кылуу

Банктын адистери иштете турган бизнесиңизге карата сиздин даярдыгыңызды да талдоого алышат, ошол себептен сиз келечектеги товарыңызды сатып алуучу тарапты жана сизге товар берүүчүнү да алдын-ала билишиңиз керек. Өнөктөштөрүңүз менен түзүлгөн бардык келишимдерди сөзсүз түрдө  өзүңүз менен бирге алып алыңыз.

Маанилүү! Эгерде сиздин учурдагы кирешеңиздин негизги булагы болуп айлык маянаңыз эсептелсе, анан сиз бизнес ачуу үчүн насыя алууну ойлонуп турсаңыз, анда насыяны төлөөгө кетүүчү чыгым айлык маянанын 50%  көп болбоого тийиш.

НАСЫЯНЫ ТӨЛӨӨГӨ кетүүчү сумма айлык маянадан ≤ 50%

Эгерде насыяны төлөөгө көбүрөөк чыгым кете турган болсо, анда сизге насыя берүүдөн баш тартышат, же азыраак сумма сунуш кылышат.

Компаниялар үчүн: эгерде сиз инвестициялык максаттар үчүн 3.5 млн сомдон жогору (бул 50$ жакын),  насыя ала турган болсоңуз, анда Бизнес План берүүгө тийишсиз.

Бизнес-планды даярдоо ойду ишке ашыруунун бардык тарабын бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү, кандай киреше табууга боло тургандыгын жана башкаларды тыкан ойлонуштуруп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул багытта тажрыйбасыз ишкерлерди бизнес-план жазуу деген чоочутуп коюшу мүмкүн. Интернеттен бир нече макалаларды окугандан кийин, алар бул багытта идеалдуу шаблон болбой тургандыгын жана бардыгы жекече түрдө экендигин түшүнө алышат.

Бизнес-планды түзүү боюнча сизде кыйынчылыктар же түшүнүксүз суроолор пайда болсо – «Бай Түшүм» банкынын сатуулар башкармалыгынын адистери өз кеңештерин айтып, аны даярдоого жардам беришет.

Дүкөн курууга камынып жатасызбы?

Насыяны алгандан кийин иштешүүнү пландаштырып жаткан прорабды жана куруучулардын командасын, дүкөнүңүз үчүн бардык товар берүүчүлөрдү таап койуңуз. Өзүңүзгө жакын жайгашкан дүкөнгө чейинки аралыкты басып өтүңүз жана келечектеги өзүңүздүн сатып алуучуларыңыз канча боло тургандыгын, бул аймакта канча адам жашай тургандыгын, алар кандай товарларга көбүрөөк муктаж экендиктерин байкаштырып көрүңүз,  сөзсүз алар менен сүйлөшүп, эмне жетишсиз экендигин билип, алардын кеп-кеңешине көңүл буруңуз. Мунун баары өз оюуңузду ишке ашырууга даярданууда сизге зор жардам берет.

Ишеним

Бир маанилүү учурду белгилей кетүү өтө маанилүү:  – банк текшерүүчү же көзөмөлдөөчү уюм эмес, банк сиздин өнөктөшүңүз. Муну дайыма эсиңизде сактаңыз, ошондой эле өнөктөштөр бири-бирине ишенүүгө жана өз ара болушунча ачык-айкын болууга тийиш.

Ошондуктан банкка насыя алуу үчүн бараарда бизнеске байланышкан бардык документтериңизди алып алыңыз. Өзүңүздүн кайра-кайра жазылган, сиздин бизнесиңизге тиешелүү болгон күндө колдонуп жүргөн, товардын эсебин же чыгымдын эсебин жазып жүргөн жумушчу дептериңизди ачык көрсөтүүдөн уялбаңыз. Ал сиздин ар күн сайын чымыркана иштеген ишиңиздин көрсөтмө документи.

Өтө маанилүү! Толук түрдө ачык жана чынчыл болуңуз. Кайсы бир нерсени чоңойтуп же тескерисинче кичирейтип көрсөтүүнүн эч кандай мааниси жок.   Банкка – өзүңүздүн өнөктөшүңүзгө ишениңиз, ошондо гана насыянын берилишин колдоого алуу процесси тезирээк болот.

Колдоо таппай калсаңыз, кайгыруунун кажети жок!

Банкка насыя алуу үчүн бара жатканда, албетте акча алаарыңызга  ишенесиз. Бирок насыя берилбей калган болсо, бул баары бүттү дегендик эмес. Банктагы адистер сиздин долбооруңузду дыкат талдап чыккандыгы эсиңизде болсун, адистер сиз үчүн кымбатка түшө турган тобокелдиктерди байкагандыгын жана ушул тажрыйбаны өзүңүз үчүн пайдалуу колдонууга аракет кылыңыз.

Өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү жана бизнес-планыңызды кайрадан карап чыгыңыз, товар берүүчүлөрдү алмаштырыңыз, же өзүңүздүн бизнес-планыңызды ишке ашырууну бир аз убакытка жылдыра туруңуз.  Эң башкысы жаңы, алда канча сапаттуу сунуштарды, арыздарды берүүдөн тартынбаңыз.

Сизде кандайдыр бир суроолор жаралса, анда (312) 905 805, (770) 905 805 телефондоруна чалыңыз,  WhatsApp (777) 905 805 жазыңыз.

Эксклюзив

Больше Эксклюзив

Право знать

Больше Право знать

Экономика

Больше Экономика

Бизнес

Больше Бизнес

Деньги

Больше Деньги

Власть

Больше Власть

Мнение

Больше Мнение

Новости компаний

Больше Новости компаний

Маркетплейсы

Больше Маркетплейсы

Банки

Больше Банки

Недвижимость

Больше Недвижимость

Энергетика

Больше Энергетика

Транспорт

Больше Транспорт

Отлично! Вы успешно зарегистрировались.

С возвращением! Вы успешно вошли в систему.

Вы успешно подписались на Economist.kg.

Успешно! Проверьте свою электронную почту на наличие волшебной ссылки для входа.

Успешно! Ваша платежная информация обновлена.

Ваша платежная информация не обновлена.