Ad coverAd cover
Economist logo
Бизнес

Элүү жыл бир адамдын аркасынан тазалагыча, ага мектепте беш жыл таштанды сорттоо маданиятын окуткан жеңил — ишкер Амирбек Масиралиев

Элүү жыл бир адамдын аркасынан тазалагыча, ага мектепте беш жыл таштанды сорттоо маданиятын окуткан жеңил — ишкер Амирбек Масиралиев

Айына 20-30 тоннадан желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктарын, картон кутуларын, жашиктерди чогултуп, аны ылгап, жууп-тазалап, пресстеп, кайра иштетүүгө даярдаган ишкер Амирбек Масиралиев учурда Бишкекте, Жалал-Абадда, Ошто таштанды кабыл алуучу төрт түйүн ачып, элүүдөй адамдын киреше табуусуна шарт түзгөн.

Ал ИШКЕР MEDIA менен маектешип, ишмердүүлүгүн кантип баштаганын, бул бизнестин өзгөчөлүктөрү, таштанды чыгаруу маданиятын мектепте эле окутса жеңилирээк болоору жана ошондой эле кээде жумуш токтоп калбаш үчүн Бишкектен Жалал-Абадга таштандыларды ташып алпарарын айтып берди.

— Жабдууларды, аппараттарды кайдан алдыңыз?

— "Эски толчоктон" эски темирлерди саткан базардан бузулган бир эски пресс машина таптым. Аны алпарып бир ай ремонт кылып, пресстеп, упаковка кыла турган аппарат кылып чыгардык. Мен өзүм ага чейин кирпич заводдо өндүрүштө жүргөндүктөн сваркалоо сыяктуу жумуштар менин хоббим эле жана гидравиликалык системалар кантип иштегенин билчүмүн. Өзүмдүн Porter машинам бар эле, биринчи эле күнү 200 кг таштанды чогулттук. Башында көп кыйынчылыктар болду, жасаган пресс станогубуз колго жасалгандыктан бузулуп калган учурлар болду.

— Аны пресстеп алып андан ары эмне кылдыңыздар?

— Үч айдай эч кимге саткан жокпуз, анткени аны сатуу үчүн чоңураак көлөм керек болчу. Себеби, кардарлардын базасы иштеле элек, чынжырча жолго коюла элек эле. Ошентип 7-8 айда толук кандуу ишке кирип калдык. Бир айда 20-30 тонна таштандыны чогултуп пресстеп, кайра иштетүүчүлөргө өткөрүп калдык.

Региондордо 11-класстан кийин жаштардын азыраагы эле университетке тапшырбаса, көбү эле Россияга жөнөп кетишет эмеспи. Менин дагы мигрант досторум бар эле, алардан команда чогулттум.

Маектин уландысын www.im.kg сайтынан окуңуз.

Ad coverAd cover