Semac курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, жеке ишкер Эргазы Сейдалиев ИШКЕР MEDIA басылмасына курулуш тармагындагы бизнес, андагы баалар жана ошондой эле учурдагы Кыргызстандагы турак-жай рыногундагы абал тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
— Учурда Кыргызстандагы турак-жай рыногу кандай абалда турат?
— Курулуш тармагы аябай өсүп жатат. Россиядагы мобилизациядан кийин Бишкекте батирлерге суроо-талап өстү. Ошондонбу же башка себептерденби, айтор, быйыл жаздан тартып мурдагыдан да көп жаңы объектилер түшүп баштады. Мурдагыдан айырмаланып, азыр батирлерден сырткары бизнес борборлор көп курулууда. Үйлөр мурда чакан болуп курулса, азыр комплекс-комплекс болуп курулуп баштады.
— Болжолдуу айтсаңыз, бир объект курулуп баштаганда, кайсы этабында батирлер көп сатылат? Жеке сиздин тажрыйбаңызда, накталай төлөм басымдуулук кылабы же бартерби?
— Элдин төлөө жөндөмдүүлүгү мурдагы жылдарга караганда дээрлик жакшы. Мурда бартер көп болчу, ага салыштырмалуу азыр накталай акча менен алгандар көп. Бизде накталай төлөм басымдуулук кылат. Кандай этапта көп сатылары болсо ар бир курулуш компаниянын өзүнөн көз каранды. Жаңы баштаган фирмалар пайдубалдан сатышы кыйыныраак, ал эми аты чыгып калган, курулуш тармагында көп жыл иштеген компанияларында котловандан эле жакшы сатышат. Котловандан алган бир канча арзан болот, объект курулуп баштап, кабаты көтөрүлгөн сайын анын баасы да кымбаттай берет.
Маектин уландысын www.im.kg сайтынан окуңуз.