Ad coverAd cover
Economist logo
Бизнес

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулун маекке тарттык. Ал ИШКЕР MEDIAга кызыктуу маек куруп, жалпы эле Кыргызстандагы бизнестин абалы, аймактар менен борбордун ажырымы, жалпы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

— Региондогу ишкерлердин эң чоң көйгөйү кайсы?

— Аймактарда көйгөйлөр баары бирдей эле, бирок Бишкектен өзгөчөлөнөт.

Биринчи көйгөй — бул маалыматтын жетишсиздиги. Чет өлкөдөн келген делегациялар өткөргөн жыйындар, форумдар Бишкекте өтөт. Финансылык институттардын дээрлик баардыгы Бишкекте. Аймак борбордон канча алыс болсо, маалыматтан да ошончо алыс.

Экинчи көйгөй — бул каржылоо маселеси. Аймакта бизнес жасоо — бул эрдик. Анткени логистика, байланыш, уруксат кагаздары дагы оңой эмес. Ошолордон ашып бизнес жасап жатышканы — бул мактай турган көрүнүш. Жеңилдетилген насыялар мамлекет тарабынан каралып жатат, бирок ишкерлерге жетиши кыйын. Бир мисал айтайын, пандемия жылы мамлекет ишкерлерге жеңилдетилген насыя берген, Ош шаары боюнча эки эле ишкер алды.

Маектин уландысын im.kg сайтынан окусаңыз болот.

Ad coverAd cover