Учурда байер деген кесип актуалдуу болуп жаткан убагы. Ал байерлер кимдер менен кантип иштешет, канча киреше табышат деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн ИШКЕР MEDIA алты жылдан бери байерлик кесипти аркалап, колундагы телефону менен эле айына миллионго жакын акча айланткан, жаш балдардын саркеч кийимдерин саткан cocokids.kg интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана байерлик кесипти окуткан Сымбат Жолочиеваны маекке тартты.
Декреттик өргүүдөн байерликке биринчи кадам
— 2017-жылдары мен баштаганда Кытайдан кийим алып келген аз эле аккаунт бар болчу. Азыр эми көнүп калбадыкпы, ал кезде кореялык стиль аябай сонун көрүнчү. Ал жылы мен жаңы төрөп, кызымды сонун кийинтким келе берчү. Кимден окусам болот экен деп кызыгып жүрүп сурасам, 6 миң сом экен, ал кезде декреттеги мага ал чоң акча көрүндү. Бир күнү Инстаграмдан конкурска катышып, ошол окутуу курсун утуп алдым. Жолдошум менен боюмда барда эле эки жолго түшкөндүктөн, иштешим керек болуп, кызым 9 айынан баштап эле бала бакчага берип, өзүм салонго жумушка чыккан элем. Кечкисин келип, сайттарга кирсем укмуш товарлар бар экен, азыр элдер таң калбайт, бирок ошол убакта мага аябай сонун көрүндү. Түнгө чейин товарларды карап, чыкпай калдым.
Маектин уландысын im.kg сайтынан окуңуз.