Бактыгүл Орозбаева ушул жылдын башында Жалал-Абад шаарында CODE IT мектебин ачкан. Учурда анын мектебинде отуздан ашуун бала окуйт. Ал ИШКЕР МЕDIA менен маектешип, Жалал-Абадда билим тармагында бизнес жүргүзүүнүн оор-жеңил жактарын айтып берди.
— Каякта окудуңуз, бул тармакка кантип келип калдыңыз?
— Ош облусунда төрөлдүм. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Экономика факультетинде, менеджмент адистиги боюнча, андан кийин билимимди жогорулатуу үчүн Түркияда маркетинг багытында магистратурада окудум. Университетте окуп жүргөндө эле дайыма компьютерге кызыгып, интернет технологияларын изилдегенди жакшы көрчүмүн. CODE IT мектебин ушул жылдын март айында ачтык.
Маектин уландысын im.kg сайтынан окуңуз