Биз эч качан идеалдуу боло албайбыз, бирок дайыма мыкты болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар — эл аралык деңгээлдеги коуч Каныкей Оморова

Нейро-лингивистикалык программалоо жана MBTI, DISC, SDI сыяктуу түрдүү психометриялык инструменттер боюнча квалификациялуу адис, КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан өлкөлөрүндө эл аралык компанияларда иштеп, кызматкерлерди өнүктүрүү боюнча он жылдык тажрыйбага ээ Каныкей Оморованы маекке тарттык. Ал ИШКЕР МЕДИАга компаниядагы жетекчи менен кызматкердин байланышы, нетворкинг, стресс, чарчоо+өзүн жоготуп алуу сезими менен күрөшүү, профориентация жана лидерлик сапат темаларында кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

— Компаниялардын жетекчилери жумушчулары менен иштеп жатканда кандай каталарды көп кетиришет?

— Ар бир жетекчи лидерлик сапатты өнүктүрүү боюнча базалык программадан өтүш керек. Бул адатта өзүн өзү таануудан башталат, ал кандай инсан, күчтүү жактары кандай, эмнелер аны триггер кылат, эмне стресс, эмне мотивация берет, кандай коркуулары бар жана ал башкаруу стилине кандай таасир этиши мүмкүн экендигин түшүнүшү зарыл.

Экинчиден, лидерлик базалык сапаттарды калыптандыруу боюнча программадан өтүүсү маанилүү. Ошол эле ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, кыматкерлерге жумушун аткарарына ишене билүү, алардын ката кетирүүсүнө уруксат берүүнү үйрөнүшү зарыл, анткени алар ката кетиргенде окуп, үйрөнүшөт.

Үчүнчүдөн, конструктивдүү пикир алмашканды, кызматкерди жумуштан кетиргенди, оор сүйлөшүүлөрдү өткөргөндү, мисалы, кызматкер жумушунан сөгүнүп, көзүнө жаш алып эмес, башын бийик көтөрүп кете тургандай сүйлөшө билүүнү үйрөнүш керек. Бул жетекчилер үчүн базалык, пайдубалдык билим болуп саналат.

Маектин уландысын im.kg сайтынан окусаңыз болот.