Салык органдарынын чечимдерине карата даттануулар кантип каралат — жол-жобосу

Economist.kg
Салык органдарынын чечимдерине карата даттануулар кантип каралат — жол-жобосу

Жарандардын салык органдарына жана алардын кызматкерлерине карата даттанууларын ким жана кандай тартипте карайт? Бул процесс канча мөөнөткө созулат? Аталган суроолорго Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясы Акылбек Досалиев жооп берет.

Бүгүн салык төлөөчүлөрдүн салык органдарынын актыларына жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик сот өндүрүшүндө даттануусунун тартибин, мөөнөтүн карайбыз.

Салык төлөөчүлөрдүн салык органдарынын актыларына жана анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик сот өндүрүшүндө даттануусунун тартибин, мөөнөтөрү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде так белгилет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси ж.б. колдонуудагы мыйзамдар ар бир салык төлөөчүгө бузулган укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын, анын ичинде салык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттануу жолу менен коргоо укугун камсыз кылат.

Административдик сот тарабынан каралуучу салыктык талаш-тартыштар боюнча иштердин негизги категориялары болуп салык органдарынын, салык кызматынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) жараксыз деп табуу жөнүндө даттануулар болуп саналат.

Салык органдарынын чечимдерин жана анын кызмат адамдарынын аракеттерин (аракетсиздигин) талашкан администрациялык иштер биринчи инстанцияда салык органдары жайгашкан жер боюнча Административдик соттор тарабынан каралат.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 169-беренесинин 7-бөлүмү сот тартибинде талашуунун предмети катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органынын чечимин аныктайт.

Буга, салык органынын чечимдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органынын чечими менен бирге гана сот тартибинде даттанылышы мүмкүндүгүнө салык төлөөчүлөр көңүл буруулары тийиш.

Административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде салык органдарынын, салык кызматынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доолор сотко Кыргыз Республикасынын АПКнин 110-беренесинин 1 -бөлүмүнүн талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органдын чечимин алган күндөн тартып, же болбосо бул чечимдин чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

Ал эми, салык органдарынын, салык кызматынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу салык органына даттануусу салык төлөөчүгө мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет.

Эгерде салык төлөөчү салык органдарынын, салык кызматынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, белгиленген 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу салык органына даттануу менен кайрылса, даттануусу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кароосуз калтырылып, себептери көрсөтүлүү менен арыз ээсине кайтарылып берилет.

Салык төлөөчү өзүнүн даттануусун кароосуз калтыруу же кайтаруу менен макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) сотко даттанууга укуктуу.

Ошол эле учурда белгилей кетүү зарыл, соттор ыйгарым укуктуу салык органына даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө маселени сот чечүүгө укугу жок.

Мындан сырткары, белгилей кетүү зарыл, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 97-беренесине ылайык, эгерде ал салык төлөөчүгө же анын салык органындагы салык өкүлүнө жеке кол коюу менен берилсе, же салык төлөөчүнүн экономикалык иш жүргүзүү боюнча акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасындагы акыркы катталган дареги боюнча же салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлүнө тапшырылса салык органынын чечими аткарылды деп эсептелет. Эгерде чечим заказдык почта аркылуу жөнөтүлсө, анда чечим кабыл алынган же тапшырык катында көрсөтүлгөн тапшырык катты алуудан баш тартылган күнү тапшырылды деп эсептелет.

Ошондой эле, көпчүлүк учурларда салык төлөөчү салык органдарыны тарабынан заказдык почта аркылуу жөнөткөн дареги өзгөрүп кеткендигин негиз кылып, чечимдерди өз убагында албагандыгын белгилешет.

Бирок, Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобосунун талаптарына ылайык жашаган жеринин, жайгашкан жеринин же иштеген жери өзгөргөн учурда, өзгөрүү болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө учурдагы катталган жери боюнча салык органына маалымдоо салык төлөөчүнүн милдетти экендигине салык төлөөчүлөр көңүл буруусу тийиш.

Подписывайтесь на рассылку дайджестов

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости