Мамкурулуш Ош шаарындагы курулуш компанияларына 1 млн сомдук айып пул салды

Мамкурулуш тарабынан Ош шаары боюнча 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаары боюнча 1 037 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы КРнын мыйзамдарын сактоону өтүнөт», — дейт Мамкурулуш.

Белгилей кетсек, жакында эле аталган мамлекеттик мекеме Жалал-Абад облусундагы курулуш компанияларына да 1 млн сомдон ашык айып салган болчу.