> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://economist.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамкурулуш Ош шаарындагы курулуш компанияларына 1 млн сомдук айып пул салды
- URL: https://economist.kg/novosti/2022/09/01/mamkurulush-osh-shaaryndagy-kurulush-kompaniyalaryna-1-mln-somduk-ajyp-pul-saldy/
- Published: 2022-09-01T08:58:26.000Z
- Updated: 2026-08-28T19:24:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Новости, #wp

**Мамкурулуш тарабынан Ош шаары боюнча 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> «Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Ош шаары боюнча 1 037 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы КРнын мыйзамдарын сактоону өтүнөт», — дейт Мамкурулуш.

Белгилей кетсек, жакында эле аталган мамлекеттик мекеме Жалал-Абад облусундагы курулуш компанияларына да 1 млн сомдон ашык [айып салган](https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/08/29/zhalal-abad-mamkurulushu-oblustagy-kurulush-kompaniyalaryna-1-mln-somduk-ajyp-pul-saldy/) болчу.