Оор жүк ташыган айдоочулар Нарындагы 6 балалуу үйү жок бүлөгө төрт бөлмөлүү үй салып беришти

Оор жүк ташыган айдоочулар Нарындагы 6 балалуу үйү жок бүлөгө төрт бөлмөлүү үй салып беришти

«Нарын-Транс», «Ат-Башы-Транс», «Ак-Талаа-Транс», «Ысык-Көл-Транс», «Чүй-Транс» жана «Кочкор-Транс» коомунун айдоочулары биригип, Нарындагы 6 балалуу үйү жок үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү үй салып беришкен. Бул тууралуу «Нарын медиа борбору» билдирди.

Маалыматка таянсак, Кара-Булуң айылынын тургуну Мурат Иманакуновдун буга чейин өзүнүн тамы болгон эмес. 6 балалуу үй-бүлө турмуш шарттын айынан үй кура албай келген.

Анын бүгүнкү акыбалын түшүнүшкөн оор жүк ташыган айдоочулар өз ара кеңешип, жардам берүүнү чечишкен. Алар өз каражаттарынан заманбап 4 бөлмөлүү там куруп, үй ээсине ачкычын тапшырышкан.

«Нарын-Транс», «Ат-Башы-Транс», «Ак-Талаа-Транс», «Ысык-Көл-Транс», «Чүй-Транс» жана «Кочкор-Транс» коомунун айдоочуларынын ортосунда өзүбүздүн чогулткан акчабыз бар. Айрым колунда жок жарандарга ортодогу акчабыздан жардамыбызды берип келебиз.

Мурат байкенин абалын элден угуп, жардамыбызды бердик. Өзүнүн эле айылында жашаган уста балдарды жалдап, тамды салдырдык. Ичине суу киргиздирдик, мешин, жылыткычын (паровой), электр жарыктарынан бери койдурдук. Кыскасы, дароо эле кирип жашагыдай бүтүрүп бердик», — дейт айдоочулар коомунун мүчөсү Ренат Хусейинов.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют