Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт — логистикадан улам баасы жогору

Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт — логистикадан улам баасы жогору

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкө ичиндеги социалдык жактан маанилүү товарларга — ун, шекер, өсүмдүк майы, сүт сыяктуу азыктардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын аянтчасында республиканын аймагына алымсыз жеткирүүгө квотанын алкагында жөнөтүүчүлөр алып келген кум шекерди сатуу, ошондой эле ташылып келген чийки кум шекерден иштелип чыккан кум шекерди ата мекендик заводдор тарабынан сатуу маселелерин талкуулашкан.

«Белгилей кетсек, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинген, ал эми «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам, бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору», — деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, рынокту кум шекер менен каныктыруу жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн:

  • кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө түшүрүлгөн
  • 105 миң тонна кум шекерди жана чийки кантты ишкерлер
    алымдарды төлөбөстөн алып келишет
  • кум шекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн кантты республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган
  • базарларда, соода түйүндөрүндө кум шекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Кумшекердин баасы башка өлкөлөрдө

(1 кг үчүн сом менен эсептегенде)

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют