Кумшекердин баасы 1 сомго арзандайт — 78 сом/кг

Кумшекердин баасы 1 сомго арзандайт — 78 сом/кг

Монополияга каршы орган кечээ, 4-августта «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК менен кумшекердин баасын төмөндөтүү тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анын натыйжасында, керектөөчүлөр үчүн кумшекердин жеңилдетилген баасы кг үчүн 1 сомго төмөндөйт жана 78 сом/кг түзөт.

Эскерте кетсек, кант өндүрүүчүлөр ири соода тармактары жана кичинекей дүкөндөр менен кумшекерди калк үчүн жеңилдетилген баада сатуу жөнүндө келишим түзүшкөн (79 сом/кг, күнүнө бир колуна 1 кг чектөө менен). Көрсөтүлгөн көлөмдөн жогору кум шекер чектөөсүз 85 сом/кг сатылат.

Монополияга каршы орган буга чейин 1-августтан баштап бааны төмөндөтүү жана «Глобус», «Народный», «Фрунзе» соода түйүндөрүндө кумшекерди 84 сом/кг чейин сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилгенин билдирди.

«Белгилей кетсек, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кумшекер алынып келинген, ал эми «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам, бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кумшекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору», — деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, рынокту кумшекер менен каныктыруу жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн:

  • кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө түшүрүлгөн
  • 105 миң тонна кумшекерди жана чийки кантты ишкерлер
    алымдарды төлөбөстөн алып келишет
  • кумшекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн кантты республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган
  • базарларда, соода түйүндөрүндө кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Кумшекердин баасы башка өлкөлөрдө

(1 кг үчүн сом менен эсептегенде)

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Малоимущим семьям Бишкека выделили 35 млн сомов для вывода из бедности 9 августа 2022 г.    9:48
«Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. Кимге пайдалуу? 9 августа 2022 г.    9:45
Президент подписал закон «О Парке креативных индустрий». Что это изменит? 9 августа 2022 г.    9:31
Депозиттик эсеп накталай доллар менен толтурулса, банктар кайра берип жатканда андан комиссия алууга укугу жок — Улуттук банк 9 августа 2022 г.    9:19
«Кыргызалтын» получил право бессрочного пользования участками Кара-Балтинского горнорудного комбината 9 августа 2022 г.    9:19
В «Национальной энергетической сети Кыргызстана» сменился состав совета директоров 9 августа 2022 г.    8:45
Предприниматели в регионах получили 1.6 млрд сомов при поддержке «Гарантийного фонда» 9 августа 2022 г.    8:27
АӨБ берген каражатка жакында Бишкекке 120 автобус алынат — мэрия 8 августа 2022 г.    17:48
Все новости
НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.79
EUR 86.02
RUB 1.40

Конвертер валют