Кепилдик фонду 300 кепилдик берди — бул ишкерлерге 2.7 млрд сом насыя алууга мүмкүндүк түздү

Кепилдик фонду 300 кепилдик берди — бул ишкерлерге 2.7 млрд сом насыя алууга мүмкүндүк түздү

Быйыл Кепилдик фондунун колдоосу менен аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 1.6 млрд сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы маалымдады.

«Кепилдик фонд» ААК кепилдиктерди берүү аркылуу ишкерлерге кредиттик ресурстарга жетүүдө колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди.

Үстүбүздөгү жылы 31-июлга карата ишкерлерге 710 млн сомдон ашык суммага 300дөн ашык кепилдиктер берилип, бул ишкерлерге дээрлик 2.7 млрд сом өлчөмүндө насыя алууга мүмкүндүк берген.

«Өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө 269 кепилдик багытталган, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 88%ын түздү. 480 млн сом суммасында берилген кепилдиктер ишкерлерге 1.6 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарды берди», — деп айтылат маалыматта.

Бардык кепилдиктердин жарымынан көбү (57%) айыл чарба тармагында, айыл чарба продукциясын даярдоодо жана кайра иштетүүдө бизнести көрсөткөн ишкерлерге берилген.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган кепилдиктердин суммасы 343 млн сомду түзүп, кредиттердин суммасы – 1.25 млрд сомго жеткен.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют