«Дастан» ТУК ККМ жана навигациялык пломбаларды чыгарат

«Дастан» ТУК ККМ жана навигациялык пломбаларды чыгарат

Учурда ТУК «Дастан» ААК Салык жана Бажы кызматтары үчүн навигациялык пломбаларды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат. Завод ошондой эле кассалык машиналарды (ККМ) чыгарууну да пландаштырууда.

Мындай маалыматты «Дастан» ТУК башкармалыгынын төрагасы Эрик Апышев «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ишкананын жетекчиси навигациялык пломбаларды чыгаруунун өзгөчөлүгү көп жылдык тажрыйбага жана ушул түрдөгү продукцияны чыгарууда уникалдуу тажрыйбасы бар ишкананын негизги профилине туура келерин белгиледи.

Апышев белгилегендей, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык, товарлардын өтүүсүн көзөмөлдөө үчүн ар бир тарап атайын навигациялык пломбаларды колдонуу менен тиешелүү улуттук системаны уюштуруусу керек. Бул системалар ЕАЭБ аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдүн жайгашкан жерин жана багытын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют