«Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 320дан 302ге кыскарды жана реэкспорт токтоду — Тайчабаров

«Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 320дан 302ге кыскарды жана реэкспорт  токтоду — Тайчабаров

Акыркы эки жылда «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 220дан 203кө кыскарган. Бул тууралуу аталган аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров билдирди.

Тайчабаров ал директорлук кызматка келгенден бери «Бишкек» ЭЭАда кеңейүү, өсүш барбы деген суроого тескерисинче, резиденттер кыскарганын айтты.

«Мыйзам боюнча 1 жыл эч кандай экономикалык өсүш көрсөтпөгөндөрдү биз сотко берип, статусунан ажыратабыз дагы, ордуна келген жаңыларды каттайбыз. Биз келгенде 320 болчу, азыр 302 калды«, — деди ал.

Ошондой эле Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАда реэкспорт токтоп калганын айтты.

«Реэкспорт деген көрсөткүчтөн токтоп калдык, анткени реэкспортко КНСти киргизип коюшту. Анда бизде да төлөшөт, барганда да төлөшөт. Бул ишкерлерге ыңгайсыз болгондуктан, бул тармак токтоп турат», — деди Тайчабаров.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

«Бишкек» ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаровдун Тойота Ланд Крузер унаасы менен iPhone 12 телефону талкууга түштү

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют