Бир сааттан ашпаган сот отурумдары бир айга чейин жүйөөсүз созулууда — президент сотторго нааразы

Бир сааттан ашпаган сот отурумдары бир айга чейин жүйөөсүз созулууда —  президент сотторго нааразы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, КРнын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, баса белгилеп кетүүчү маанилүү маселелердин бири – бул соттук ишти кароо мөөнөттөрүнүн бузулушу. Мындай терс көрүнүштөргө кароодогу иштердин мөөнөттөрү боюнча талдоо жүргүзүлбөгөндүгү жана соттук ишти кароо мөөнөттөрүн бузган судьяларга карата тиешелүү чаралар көрүлбөгөнү себеп болууда.

«Мындай жагдайларга негизинен төрагалардын алсыздыгы, өз милдеттерин так аткарбагандыгы, уюштуруучулук иштеринин канааттандырарлык эместиги түрткү болуп жатат. Буга мисал катары алсак, сот отурумдары өзү орточо эсеп менен бир сааттан ашпайт. Бирок кийинки отурумдун аралыгы ар кандай себептер менен бир жумадан бир айга чейинки убакытка дайындалып, кыска убакытта эле карап бүтүрүп коюучу иштин мөөнөтү жүйөөсүз созулуп кетип жатат.

Ушундай иш алпарган судьялардын үстүнөн даттануулар ачык-айкын каралбай, ар түрдүү шылтоолор менен тиешелүү тартип чаралары көрүлбөгөндүктөн, жарандарыбыздын күмөндүү жана негиздүү нааразычылыктары жаралууда. Ошондой эле судьялар тараптардын атаандаштык принцибин сактабай, айыптоо тарабынын, тергөөнүн материалдарынын негизинде гана чечим чыгарып калгандыгы дагы ачуу чындык. Мындай көрүнүштөр, албетте, нааразычылыктарды күчөтөт! Атаандаштык принцибинин негизинде айыпталуучунун күнөөсү далилденбесе, ага карата актоо өкүмү кабыл алынат. Ошондо гана тергөөнүн сапаты жогорулап, мыйзам талабына ылайык болот деп эсептейм», — деди Жапаров.

Президент жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолу катары соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Себеби ар бир соттун иши объективдүү жана ачык-айкын бааланса, аларга карата сый же жаза чаралары акыйкаттуу колдонулат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют