Араб донорлору Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн доллар бөлөт, анын 85 млн доллары — кредит.

Араб донорлору Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн доллар бөлөт, анын 85 млн доллары — кредит.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Араб координациялык тобу (АКТ) менен каржылык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу кечээ, 4-августта Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр келишимге ылайык, Кыргызстан АКТдан 15 млн доллар грант жана 85 млн доллар насыя алууга укуктуу экенин билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталат. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана AКТнын башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

«Натыйжада, дагы 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалат, дагы 45 миң бала жаңы мектептерге барышат, 3 миң тарбиячы жана мугалимдер жумуш менен камсыз болушат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, насыянын шарттары – мөөнөтү, жеңилдетилген мезгилдин бар же жоктугу, пайыздык чени жөнүндө маалымат берилген жок.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют