Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, салык органына тапшыруу керектигин эскертет.
Алсак, салык төлөгөнгө чейин төмөнкүлөр тапшырылышы керек:
- транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-090)
- турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-086).
Маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот.
Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн административдик айып каралган.