Жалал-Абад облусунун 101 айылы араб донорлорунун эсебинен таза суу менен камсыз болот

Жалал-Абад облусунун 101 айылы араб донорлорунун эсебинен таза суу менен камсыз болот

Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду Жалал-Абад облусунун 101 айылын, ошондой эле Кара-Балта жана Сүлүктү шаарларын ичүүчү таза суу менен камсыздаган долбоорлоруна акча берет. Бул тууралуу коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков билдирди дейт 24.kg.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында, Жалал-Абад облусунун 175 айылын таза суу менен камсыздоо долбоорлору донорлорго сунушталды. Жыйынтыгында, 101 айыл жана 2 шаар каржылана турган болгон.

«Жалпысынан долбоор 355 миң адамды камтыйт. Биз Кыргызстанда ИӨБ менен көптөн бери долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Буга чейин макулдашылгандардын 85%ын бүтүрдүк», — деди Марс Наспеков.

Инвестициянын суммасы айтыла элек.


Эске салсак, 2017-2022-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусунун 25 айылында айылдарды таза суу менен камсыздоону жана канализацияны жакшыртуу долбоору ишке ашырылган. Бул долбоорго 23 млн доллар керектелген, анын ичинен 15 млн доллары ИӨБдан, 5 млн доллары Ислам тилектештик фондунан алынган кредит болгон. Дагы 3 млн доллар министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют