Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда — долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү

Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда — долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү

Жалал-Абад аэропортун көчүрүү аракети каралууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Түркиянын Анталия шаарында иш алып барган «Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм» компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги Жалал-Абад аэропортун көчүрүү, ал үчүн атайын болбоор даярдалып, жер аянты ажыратылып жатканын белгиледи. Бул облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири экенин, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле түркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун болгон жер аянты көрсөтүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилээри белгиленди.

Мындан сырткары, жолугушууда аймактагы медицина тармагын жакшыртуу үчүн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат салуу, шаар тазалыгын сактоодо таштандыны кайра иштетүү заводун куруу сунушу айтылган.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют