Нарында кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен улам өндүрүш 150%га өстү

Нарында кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен улам өндүрүш 150%га өстү

Бүгүн, 4-августа Нарында акыркы алты айда облуста аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп жатат. Анда үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу «Нарын медиа борбору» билдирди.

Облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берген. Анын айтымында, алты айда 1786.8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 150.6%ды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын алты айына салыштырганда 208.8 млн сомго көбөйгөн.

«Өнөр жайдын өсүшү кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүдөн улам көбөйгөн. Ошондой эле облуста жыл сайын малдын башы дагы өсүш берип, ири мүйүздүү мал 12 миң 523, кой-эчки 12 миң 761, жылкы 6203 башка көбөйгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми «Айылды инвестициялоо-3» долбоору менен алты ай ичинде 30 млн сомдук 4 ири долбоор ишке берилген.


Бирок белгилей кетүүчү жагдай, КРда жарым жылда керектөө баалары 9%га кымбаттаса, эң көп баалар Нарын облусунда (12%) көтөрүлгөн.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют