Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Учурда Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКсынын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Соттук териштирүүгө «Комтранском» ишканасынын көптөгөн мыйзам бузуулары жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу графиги бузулганы себеп болгон.

«Өз кезегинде «Комтранскомдун» өкүлдөрү техникалык көйгөйлөр жаралып, бүгүнкү күндө кырдаалды жөнгө салганын түшүндүрүштү. Октябрь районунда чогулган таштандылардын алуу иштери жүрүп жатат», — дейт мэрия.

Эске салсак, 2016-жылы «Тазалык» ишканасы тарабынан жарыяланган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгаруу жеке компанияга өткөн. Пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп «Комтранском» ЖЧКсы таанылган.

Мындан тышкары, учурда Бишкек мэриясы катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. 

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют