Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалар  7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалардын (акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын) жалпы таза кирешеси биринчи жарым жылдыкта 7.5 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат кечээ, 28-июлда Мамлекеттик мүлк фондунун коллегиясында айтылганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор — 6.5 млрд сомго жакын, ал эми мамлекеттик ишканалар — 1 млрд сомдон ашык таза киреше алышкан.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү суммасы 1 млрд 869 млн сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, өткөн жылдын аягында мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жалпы таза кирешеси — 11 млрд сомдон ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардыкы — 2 млрд сомдон ашкан болчу.

Ошондой эле  бүгүн, 29-июлда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Айыл чарба министрлигине караштуу жыйырма бештей МИ чыгашалуу абалда экенин, буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлгөнүн, чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирип, ага катар бир канча кирешелүү МИлердин атын атады.

«Кирешелүү компаниялардын катарына «Кыргызалтын» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК, «РСК Банк» ААК, «АйылБанк» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК жана башкалар кирди», — деди Бакиров.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.00
EUR 85.04
RUB 1.37

Конвертер валют