Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата токтом кабыл алды

Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата токтом кабыл алды

КРда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко тийгизген таасирине байланыштуу, тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата жаңы токтом кабыл алды.  

КРнын коммерциялык банктары ал токтомго ылайык: 

  • алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө алмашуу бюросунун бир календардык күн ичинде бир жолу жүгүртүү каражаттарынын чегинде накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын чектесин 
  • отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14.00гө чейин Улуттук банкка ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жума сайын отчет сунушташсын (кошо тиркелет)
  • отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюросу менен жүргүзүлгөн операциялар накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу жөнүндө маалыматты Улуттук банкка сунушташсын. 

Алмашуу бюролору: 

  • коммерциялык банктар менен алмашуу бюронун чогуу алганда жүгүртүү каражаттарынан ашкан суммада накталай чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды бир календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө тыюу салынат 
  • коммерциялык банктар менен накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга ККМдин чегин тиркеп, алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасын койдуруу менен алмашуу бюросунун мурунку күндүн акырына жана/же күндүн башталышына карата жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн тастыктаган маалыматтарды жазуу жүзүндө сунушташсын. 

«Ушул токтомдун талаптары бузулган учурда коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна лицензияны кайтарып алуу, ошондой эле тиешелүү кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын кошо алганда КРнын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары көрүлөт», — дейт регулятор. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлөт.  

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют