Кирешелери «асман чапчыды». Кыргызстандын банктары валюталык операциялардан 10.6 млрд сом киреше табышты. РЕЙТИНГ

Кирешелери «асман чапчыды». Кыргызстандын банктары валюталык операциялардан 10.6 млрд сом киреше табышты. РЕЙТИНГ

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында Кыргызстандын валюта рыногунда чоң секириктер болду. Россиянын Украинага чабуулу орус рублинин, аны менен бирге кыргыз сомунун арзандашына түздөн-түз таасирин тийгизди. Валюта курсунун кескин өзгөрүшүнөн карапайым калк да, эмгек мигранттары да, ишкерлер да оор абалга кептелди.

Мындай оор кырдаалда жакшы киреше тапкан кыргыз банктары гана болду.

Кошумча киреше табуу мезгили

Эксперттер валюта рыногундагы кескин олку-солку абал Кыргызстандын экономикасы үчүн бир катар терс кесепеттерди алып келерин айтышкан эле. Бирок мындай кырдаалдагы валюта рыногундагы операциялар өз кезегинде финансы секторуна, анын ичинде Кыргызстанга да киреше алып келди.

Акча алмаштыруу жайларындагы валюта операцияларын байкоо кыйын, бирок банк сектору бул башка маселе. Коммерциялык банктар мыйзам боюнча валюталык операциялардан түшкөн пайданын суммасын чагылдырган финансылык отчетту көрсөтүүгө милдеттүү.

Economist.kg 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына тиешелүү бардык банктардын финансылык отчетторун изилдеп чыкты.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында кыргыз банктарынын «чет элдик валюта менен жүргүзгөн операцияларынын таза кирешеси» рекорддук көрсөткүчкө жетип, 10 млрд 589 млн сомду түзгөн.

Бул алардын «валюталык кирешесинен» 7.2 эсе көп, адатта валюталык операциялардан алынган киреше 1 млрд 468 млн сомду гана түзчү.

Рейтинг

Economist.kg банктардын чет элдик валюта менен жүргүзгөн операцияларынан түшкөн таза кирешеси боюнча рейтинг түздү. Анда абсолюттук лидер болуп, алты айдын ичинде 1 млрд 734 млн сом киреше тапкан «КЫРГЫЗСТАН» коммерциялык банкы» табылды.

«Айыл Банк» (мамлекеттик үлүшү 100%) болсо бираз эле артта калып, 1 млрд 692 млн сом киреше тапкан. Алдыңкы бештикке валюталык операциялардан 1.33 млрд таза кирешеси менен «Бакай Банк», 1.03 млрд сом менен «Оптима Банк» жана 696 млн сом пайдасы менен «Демир Банк» кирди.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында валюталык пайдасынын өсүү темпи боюнча төмөнкүлөр лидер аталышты:

  • «Айыл Банк» — өсүү дээрлик 3000%
  • «Кыргыз-Швейцария Банкы» — өсүү 1333%
  • «Банк «Бай-Түшүм» — өсүү 1092%

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют