Кыргызстандын тышкы карызы, маяна, салык маселеси — Финансы министри менен кенен маек

Кыргызстандын тышкы карызы, маяна, салык маселеси — Финансы министри менен кенен маек

Кыргызстандын бюджетинин жүгү барган сайын оорлошууда. Ансыз да көлөмү чоң тышкы карыздар өсүп баратат. Бирок Финансы министрлигинин айтымында, Кыргызстан акыркы эки жылда жүргүзгөн саясатын кайра карап чыгып, тышкы кирешелерден көз каранды болбой калган.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg басылмасынын башкы редактору Азиза Бердибаева менен маек куруп, өлкө карыз алууну токтоткондо Кыргызстан насыяларды эмнеге короторун жана жакында кимдердин айлык маянасы көтөрүлөрү тууралуу айтып берди.

Маектин оригинал версиясын бул жерден окусаңыз болот: На что Кыргызстан тратит кредиты и когда мы перестанем брать в долг – Большое интервью с министром финансов

— Кыргызстан жылдан жылга карызга батып эле баратат. Ал эми олуттуу суммалар төлөнүп, кандайдыр бир бөлүгүн кээ бир өлкөлөр кечип салышса деле карыздар азайбай жатат. Эмнеге?

— Союз мезгилинде Эгемендүүлүктү алганга чейин Москвадан чоң трансферттерди алчубуз, башкача айтканда, жыл сайын чоң план бекитилип, ошонун алкагында каражат бөлүнчү. Чынында эле өлкө дотацияда болчу. Эгемендүүлүктү алганда бул агымдардын баары бир заматта токтоп, айлык, пенсияларды төлөөдө үзгүлтүккө учурадык.

Мамлекет ошол убакта эмне кылды? Жаш мамлекет жардамга муктаж эле, эл аралык донорлор да өз ыктыяры менен каржылык колдоо көрсөтүштү. Канчалык көп берсе, ошончолук жакшы деп эле ошол учурда карызды ылгабай эле ала бердик. Ар кандай талаптарга макул болдук, толтура программаларга жазылдык.

Мына ошол кезде бул каржылык агымдардын баары келип, тышкы карыздардын баарын жылдык бюджетибизге киргизип, ошол жактан жумшадык.

Ошентип акырындык менен ылгабай алып жатып, өтө көп алыптырбыз. Ошондон кийин гана бул маселеге системалуу мамиле жасай баштадык.

Биз карызды жоюу программаларынан баш тарттык, ал кезде биздин намысыбыз бул программаларды колдонууга жол берген эмес.

Ал эми бүгүн ушул жылдын 30-апрелине карата акыркы маалыматтарды карасак: мамлекеттик карыз — 5 млрд 92 млн долларга жетти, анын ичинде тышкы карыз – 4 млрд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар.

— Жакында парламентте 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу бюджетти колдоо үчүн донорлордун жардамы кыйла азайып, 21.3 млрд сомдон 5.9 млрд сомго чейин кыскарганы тууралуу маалымат айтылды. Чыгымдар 53 млрд сомго көбөйгөнүн эске алсак, тышкы кирешелерден көз карандылык азайганы эмнени билдирет?

— Бүгүн биз толугу менен өнүгүү үчүн тышкы карыздарды тартууга багыт алдык.

Бүгүнкү күндө биз өз муктаждыктарыбызды өзүбүз камсыз кылган деңгээлге жеттик, башкача айтканда, учурда мамлекеттик органдарга айлык акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды туруктуу ички булактарыбыздан – салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдүн эсебинен төлөп жатабыз. Өнүктүрүү үчүн да жетиштүү, бирок бүгүнкү күндө бизде чоң өзгөрүүлөргө каражатыбыз жок, ошондуктан биз карыз алууга аргасызбыз.

Бирок бул долбоорлордун көбү кайтарымдуу. Биз энергетика тармагын кайтарымдуулук негизде берилген каражат менен камсыз кылып жатабыз дейли. Жол тармагында — биз алардан түз кирешелерди күтпөйбүз, бирок кыйыр кирешелерди күтөбүз, башкача айтканда, жол тармагын өнүктүрүү менен аймактар ​​өнүгөт, жол инфраструктурасы өнүгөт, жүк ташуу, салыктык түшүүлөр көбөйөт — мультипликативдик эффект иштейт. Мына ушундай таасир менен кайтарымдуу болот деп эсептейбиз.

Энергетика жана инфраструктура, мына ушул эки сектор тышкы карыздын 60%га жакынын ээлейт.

10%га чейин бюджеттик колдоо болуп саналат. Бюджеттик колдоо бюджетке түшкөндө биз макулдашылган программаны түзүп, анда биз кандай чыгашаларды бөлүшүбүз керек же бөлгүбүз келет, андан эмне ала турганыбызды көрсөтөбүз. Тиешелүү донордук мекеменин эксперттик жамааты биз менен биргеликте иш алып барат.

— Парламенттин жыйындарынын биринде Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан (ЕСӨФ) бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар өлчөмүндөгү кредиттин бир бөлүгү келишим расмий ратификацияланганга чейин эле жумшалганын билдиргенсиз. Эмне үчүн мындай болду?

— Бул акчаны алуу үчүн 2018-жылы ишти баштаганбыз. Бул үч жылдык программа болгондуктан, 2021-жылы макулдук алганга үлгүрбөй калдык. Бул абдан татаал мамлекеттин ички макулдашуу процедурасы болуп саналат.

Биринчиден, биз бардык процесстерди тиешелүү донор менен, эксперттик кеңеш менен иштеп чыгышыбыз керек. Алардын кеңешинин макулдугун алгандан кийин гана биз ички процедураларды баштайбыз: министрлер кабинети кредиттик келишимге кол коюу жөнүндө буйрук чыгарат, андан кийин биз келишимди ратификациялоого барабыз, андан соң ратификацияны мыйзамдаштырабыз, башкача айтканда, бул ушундай татаал процедуралар болгондуктан кечигип кетиши мүмкүн. Ал эми экономикалык жактан караганда саясий өңүттөр көп болгондуктан, 2021-жылы биз жетишкен жокпуз.

Мага ушул жылдын башында кесиптешим, финансы министри Анатолий Германович Силуанов менен жолугушуу үчүн Москвага барууга туура келди. Бул каражаттар биз үчүн абдан маанилүү экенин талкууладык, анткени азыр биз экономиканы «күчтөндүрөлү» деп жатабыз. Бул фонддун каражаттары атайын экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Биздин өлкө туристтик жерлерге абдан бай, бирок инфраструктурасы өнүккөн эмес. Ошондуктан алар бул багытты иштеп чыгууну жактырышты.

Август айында бул программаны алардын эксперттик кеңеши, фонддун кеңеши бекитет. Анда эксперттер келип, биз жетишкен көрсөткүчтөргө карап баа бериши керек, андан соң гана алар бизге бул каражаттарды беришет. Ал эми бул каражаттар октябрь-ноябрь айларында бизге берилет.

Көрсөткүчтөрдү аткардык деп бюджеттен акча алып, анан фонддон каражат келгенде кайра калыбына келтиребиз.

— Бул долбоордун алкагындагы шартпы?

—  «Бардык жерде ушундай, мурдатан эле ушундай шарт. Өлкө 30 жылдан бери ушул эрежелер менен жашап келет, бул жалпы кабыл алынган эрежелер болуп саналат.

— Акыркы жылы донорлордон 783 млн доллар алдык, анын 460 млн долларга жакыны насыялар. Каражат кандай долбоорлорго бөлүнгөн?

— Бул каражаттардын түшкөнүн айрым депутаттар туура эмес чечмелеп жатканын белгилегим келет. Ал эми мамлекеттик карызыбыз дээрлик 1 млрд долларга көбөйдү деп айтып жатышат. Бул андай эмес.

Биз кредиттик келишим түзгөнүбүздө, бул мамлекеттик карызга дароо эле жүк болуп жатат дегенди билдирбейт. Сумма карызга аны өздөштүрүп баштаганда кошулат, донорлордон алынган акча төлөм жүргүзүлүп баштаганда гана тейлөө үчүн алына баштайт.

Ошондуктан 783 млн долларга келишим түзгөнүбүз бул сумманын баары мамлекеттик карызга жүк болуп калды дегенди түшүндүрбөйт. Эми бул сумманын 150 млн долларга жакынын каттоодон өткөрүп, тейлөөнү баштадык. Дал ошолор жыл аягында 5.9 млрд доллар тышкы карызга кошулат.

Каражаттын 30%га жакыны транспорт тармагына, 28-29%ы энергетика тармагына, 10%га чейини бюджеттик колдоого багытталат. Ошондой эле каржы тармагы, билим берүү системасы, айыл чарбасы, ирригация тармагы бар. Бул багыттар боюнча ар кандай программалар болот, бирок негизгилери транспорт жана энергетика тармагы.

Биз насыяларды экономиканы «күчтөндүрө» турган долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алабыз, натыйжада, тышкы карыз көбөйөт. Бул кайра эле туңгуюкка алып бара турган жол. Келечекте карыз албай эле жашоо үчүн кандай иштер жасалып жатат?

—  Жакшы суроо. Тышкы карыздан баары коркот, мен дагы корком. Анткени биз ар бир жолу сырттан карыз алып, төлөп, ички экономика үчүн эмес, алардын экономикасы үчүн иштейбиз. Мындан тышкары, валютада чоң тобокелдиктер бар, башкача айтканда, биздин улуттук валютанын туруксуздугу курстук айырмадан эле тышкы карызга аябай чоң таасир этип коюушу мүмкүн.

Биз азыр жеңилдетилген насыяларды алып жатабыз, мында 35% кем эмес гранттык каражат болушу керек. Бирок бул дайыма эле боло бербейт.

Өлкө жан башына ИДПнын белгилүү бир деңгээлине жеткенде биз жеңилдетилген кредиттерди алууну токтотобуз, азыртадан эле башка деңгээлге өтүп жатабыз. Башкалар сыяктуу бизге дагы жогору пайыздар бериле баштайт. Бизде дагы 2-3 жыл бар.

Экинчи. Эмне үчүн туңгуюк жол? Себеби, бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСин айталы, кадимки ГЭСти курууга 3 млрд долларга жакын каражат керектелет, өзүбүздүн акчабыз менен курсак, 30-40 жылдан кийин гана кура алабыз. Же каражат тартып, 5-7 жылдын ичинде куруп, долбоорду ишке киргизген жакшыбы?

Бул бир эле мультипликативдик эффект берет, тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө инвестицияларды тартуу жана жаңы экономикалык субъектти ишке киргизүү салыктык түшүүлөрдүн жаңы көлөмүн камсыздайт жана бул келечекке «кыймыл» берет. Эгер карыз албасак, эч нерсе жараталбай өзүбүз акча тапканча күтүшүбүз керек болот.

Биз азыр тейлөө менен гана жашап жатабыз. Өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармагы кирешенин 44%дан ашыгын берет. Бирок бул өнүгүү эмес — сатып алуу жана сатуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз каражат тартып, экономикабызга инвестиция салышыбыз керек. Ал эми бул динамика бизге тезирээк бутубузга туруп, экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл Кумтөрдөн түшкөн киреше канчага өстү?

— «Кумтөрдөн» 5 айда 17 млрд 299 млн сом түштү. Өткөн жылы бир жылда араң 13.8 млрд сомго жакын каражат алынган. Ал жерде олуттуу өсүш бар.

— Президент жакында эле «Кумтөрдөн» түшкөн акчага Кыргызстанда энергетикалык объектилер курулат деп айткан. Кандай долбоорлор каралып жатат?

— Ири кендерди башкара турган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдинги түзүлдү. Холдинг быйылкы жылдын бюджетин болжол менен 265 млн доллар өлчөмүндө көрсөттү. Ал 18 пункттан туруп, жаңы кендерди иштетүү, иштеп жаткан кендерди иштетүү, социалдык блок, медициналык камсыздоо жана башка секторлорго бөлүнөт.

Анын үстүнө бул долбоорлордун баары өнүгүүсү үчүн энергия менен камсыздоо керек, башкача айтканда, ири инвестицияны талап кылган ГЭСти куруу керек. Бюджет долбоордун болжол менен 160 млн доллары алдын ала жактырылган.

— Жакында эле дарыгерлердин, мугалимдердин айлыктары көтөрүлдү. Эми алар айлыктарын жаңыланган система боюнча алышабы?

— Мурда эмгек акы фондунун системасында баш аламандык бар болчу, ким канча алат белгисиз эле. Төлөмдөрдүн жана пособиелердин түшүнүксүз системасы иштечү. Биз эми аны системага салып, бирдиктүү формага келтирели деп чечтик.

Маселен, биздин президент эң жогору жакта турат, анын жоопкерчилиги баарынан жогору. Анан кызматкерлерден ким көбүрөөк алышы керек? Эч ким. Маселен, мен, Финансы министринин өзүмдүн чектелген иш тармагым, өзүмдүн ишмердүүлүгүм, функцияларым бар. Ал эми анын милдеттери жогору жана ага жараша көп, демек ал эң көп алыш керек. Андан бир тепкич ылдый министрлер кабинети, Башкы прокуратура, Эсеп палатасы турат, башкача айтканда, биз бул системаны түздүк.

Эмгек акы фонду деген эмне? Эмгек акы фонду кепилденген бөлүктөн, башкача айтканда, эмгек акыдан, компенсациялоочу бөлүктөн турушу керек, анткени ар бир жумушта тармактык кыйынчылыктар болот, ал жерде мамлекет кээ бир пункттарды компенсациялоого тийиш, ал эми адистин өскөнгө жана жакшы натыйжаларды көрсөтүүсү үчүн мотивациясы болуш керек. Булардын катышы 60-70% 40-30%, болуш керек.

Биз бүгүн бул системаны киргиздик, бул системага биринчилерден болуп мугалимдер кирди. Башкача айтканда, иштеген сааттары, тажрыйбасы жана жетишкендиктери үчүн айлык алышат. Бүгүнкү күндө орточо стажы бар мугалим 33-35 миң сом алат. Мен Финансы министри бир аз көбүрөөк алам, тагыраак айтканда, айлыгым 42 миң сом.

— Жакынкы арада кимдердин айлык акылары көтөрүлөт?

— Бул стандарт азыр бардыгына тиешелүү болот. Биринчи кезекте мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлеринин 1-апрелден тарта айлыктарын көтөрдүк. Мен ар дайым билим берүү системасын, маданиятты жана коргонуу тармагын колдойм.

Маданиятсыз, билимсиз коом түбөлүк реформада, түбөлүк жакырчылыкта жашайт. Жогорку маданияттуу, билимдүү коомдо болгон кандай гана кризис болбосун ал кыска убакыттын ичинде өтүп кетет, анткени эл ойлонууга, чечим кабыл алууга жөндөмдүү. Ал эми коргонуусуз мамлекеттүүлүк болбойт. Ошондуктан билим берүү, маданият жана коргонуу тармактары – мен үчүн баарынан жогору.

Экинчи этапта, 1-августтан баштап бардык муниципалдык мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын көтөрөбүз. Өтө татаал процесс, бул үчүн 9 млрд сомго жакын каражат керек болот. Форма мен айткандай эле — кепилдик, компенсациялык, стимулдаштыруучу болот.

— Акыркы убакта калктын аз камсыз болгон катмарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү социалдык жөлөкпулдар көбөйдү, бирок бул сумма дагы эле бир адамдын бир ай жашаганына жетпейт. Европада үй-бүлөлөр жөлөк пул менен жашай алышат. Качан биз ошол деңгээлге жетебиз?

— Салык төлөп жатам деп эле баары эле көкүрөгүн каккылашат. Чындыгында андай эмес. Пенсияны төлөө системасын алалы. Бүгүнкү күндө статистика боюнча бизде бир пенсионерди багып жаткан эмгекке жарамдуу бир жаран бар, бирок андай адамдан үчөө болушу керек. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин салыктын ставкалары абдан либералдуу болгону менен, расмий түрдө аз эле салык төлөшөт.

Маселен, биздин салык реформабыз бизнесмендердин жашоосун жеңилдетүүгө жана ири жеткирүүчүлөрдү аныктоого багытталган. Сизге патент алуунун деле кереги жок, жөн гана кассага салыңыз жана бүттү. Негизги жеткирүүчүлөрдү өзүбүз аныктайбыз.

Өткөн жылы жети айдын ичинде төрт ишканага 1001 вагон жыгач жеткирилген. Биз базадан издей баштадык – бир дагы компания жыгач ташыган эмес болуп чыкты.

— Бүгүнкү күндө канча суммадагы салык түшпөй турат?

— Так эсептөө кыйын. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл 42 млрд сомго көп киреше жыйналып, көрсөткүч 147%ды түздү.

Жалпысынан, болжолдуу эсептөөлөр боюнча, биз жыл сайын 30 млрд сомдон 34 млрд сомго чейин салыктык түшүүлөрдү жоготуп жатабыз. Эң жакшы убакта эл аралык эксперттер биздин экономиканын 22%дан 43%га чейин көмүскөдө экенин айтышса, азыр 72% деп жатышат.

Бизде салык төлөө маданияты жок. Бардык маселе мына ушунда. Аны өзгөртүү керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 83.00
EUR 84.51
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.75
EUR 85.98
RUB 1.40

Конвертер валют