Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып тааныштырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов дайындалган.

«Нарын кендерге бай аймак, Кара-Кечеде 850 млн тонна көмүр кору бар. Мындан сырткары Жетим-Тоо, Сандык кендери да турат, өрөөнгө 32 ГЭС курса болот. Нарынды өндүрүш-энергетикалык аймакка айлантуу боюнча мурунку жетекчинин демилгелерин жаңы дайындалган жетекчи ишке ашырат деген ишеничтемин», — деди Жапаров.

Мындан сырткары министрлер кабинетинин башчысы мурдагы облус башчысы Сабыркул Ашимбаев эми өз жумушун президенттик аппаратта улантаарын кошумчалады.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.00
EUR 85.04
RUB 1.37

Конвертер валют