Улуттук банк эмнеге банктарда накталай доллар азайып баратканына түшүндүрмө берди

Улуттук банк эмнеге банктарда накталай доллар азайып баратканына түшүндүрмө берди

Коммерциялык банктардагы накталай доллардын көлөмү 7-10%га кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди.

Ал бул көрүнүштү геосаясий кырдаал менен байланыштырды. Анын айтымында, накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылууда.

«Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары иштебей калды. Буга чейин накталай америкалык валютанын булагы Россия менен Казакстандын базарлары болчу», — деди ал.

Карабаева кошумчалагандай, учурда банктар өз кардарларын жана валюта рыногун доллар менен камсыз кылуу үчүн жаңы каналдарды издеп жатышат. «Биз жөн гана күтө турушубуз керек. Нак доллардын кескин тартыштыгы жок», — деди Улуттук банктын өкүлү.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.05
EUR 85.13
RUB 1.37

Конвертер валют