Салык кызматы жарым жылда 74 млрд сом салык чогултту

Салык кызматы жарым жылда 74 млрд сом салык чогултту

Январь-июнь айларында МСК мамлекеттик бюджетке 73 млрд 611.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнаганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, белгиленген план 101.8 %га аткарылып, 1 млрд 324.7 млн сомго ашыгы менен чогултулган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 млрд 642.1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 156.7 %).

Салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы ж.б. ишке киргизилиши пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизүүдө.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют