Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытай берген гранттык каражаттын эсебинен Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытай берген гранттык акчанын эсебинен Бишкектин 23 көчөсүн ремонттоо иштери аяктады. Дагы 37 көчөдө демонтаждоо зарыл болгон объекттерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Жалпысынан Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылып жаткан «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында узундугу 70.9 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолот. Болжол менен 630 миң м2 жол катмары, 46 миң ирригациялык лоток жаңыртылып, 130 чакырым тротуар жана беш көпүрө курулат.

Долбоор калк жашаган «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Жеңиш», «Ак-Босого», «Эне-Сай», «Ак-Тилек», «Учкун», «Ынтымак», «Дордой-2»,«Кара-Жыгач» жаңы конуштарында 32.8 чакырымдык жол курууну камтыйт.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.03
EUR 85.14
RUB 1.37

Конвертер валют