23-25-июнда Import Goods Fair (Сеул, Түштүк Корея) көргөзмөсүнө ата мекендик экспортерлор катышып, алар потенциалдуу сатып алуучулар менен B2B жолугушууларды өткөрүшкөнүн Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында, түштүк кореялык компания кыргыз балын импорттоого кызыкдар экенин билдирген. Тагыраак айтканда, кыргызстандык Bee Honey ЖЧКсы менен кореялык Kyrka Corp. компаниясынын ортосунда 2022-жылы 20 тонна бал жеткирүү жана андан кийин аны 100 тоннага чейин көбөйтүү боюнча келишим түзүлгөн.
Белгилей кетсек, кыргызстандык компаниялардын көргөзмөгө катышуусуна КР Улуттук инвестициялык агенттик, КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги жана ошондой эле БУУ көмөк көрсөтүшкөн. Соодага жардам берүү долбоору Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланат.