Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт — мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөйт — мэрия

Күздөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрүндө маршруткалар жүрбөй калат. Андыктан маршруткалардын айдоочуларына жаңы алынып келе турган автобустарга өтүү сунушталууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Бишкек мэри келерки аптада Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен борбор калаага жаңы автобустарды сатып алаарын билдирди.

«Борбор калаанын жолдорун кичи автобустардан тазалап, экологиялык таза транспортту ишке киргизебиз. Ал октябрь-ноябрь айларында ишке ашат», — деди Абдыкадыров.


Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн еврону насыя түрүндө жана 8 млн еврону грант түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралып жаткан.

Бул алына турган автобустарга Кыргызстан жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт.

Ошондой эле Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча долбоор каралган.

Ага ылайык, борборго алына турган  120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 56 млн доллар алат. Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.00
EUR 85.06
RUB 1.37

Конвертер валют