Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин «Биринчи радиого» берген маегинде угармандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бакетаев түз эфирде маек куруп жатканда радио угуучулардын бири мамлекеттин каражатын үнөмдөөнү саясатчылардын жардамчыларын жана алардын чыгашаларын азайтуудан баштоо керектигин сунуштаганда, министр өзүнүн айлык маянасынын суммасын айтты.

«Мен Финансы министри болом. Айлыгым 42 миң сом. Эч кандай күзөтчүм жок. Мен күнүгө миллиарддаган суммадагы документтерге кол коем. Ушундай чоң каражаттарды башкарып, анан айына 15 миң сом алгандын кереги жок, чынын айткандачы. Негизи биз чиновниктерди өстүрүшүбүз керек эле — айлык маяналарын көтөрүп, бирок жоопкерчилик, милдеттерди илип. Менин көз карашымда андай чыгымдарды кыскартуунун кажети жок» — деди Бакетаев.

Ошондой эле министр бүгүнкү чыгымдар болушунча кыскартылганын, андан ары кыскартууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.45
EUR 86.10
RUB 1.38

Конвертер валют