«Дордой» базарындагы өрттөн 3 адам жана 1000 чарчы жер жабыркады

«Дордой» базарындагы өрттөн 3 адам жана 1000 чарчы жер жабыркады

«Дордой» базарындагы өрттөн 3 адам жана 1000 чарчы жер жабыркаганын ӨКМ билдирди.

«Такталган маалымат боюнча «Дордой» базарынын контейнерлеринен чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган» — деп айтылат билдирүүдө.

Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери болгон.

Базардагы соодагерлердин айтымында, өрт тез татым жайынан башталып, кийин контейнерлерге өтүп кеткен.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют