Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы «Ага-ини» жана «Таж-Махал» тез татым жайларынан тамактанган 79 адам ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татым жайлары окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган.

Учурда шаардагы тамактануучу жайлардын 50сү текшерилип, 35и убактылуу жабылган. 10 тамактануу жайына 48 миң сом айып пул салынган.

Ал эми 2-июль күнү Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Жалал-Абад шаарындагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, анда ишкерлерге санитардык талаптарды аткарып, аныкталган кемчиликтери жоюлганда гана ишмердүүлүгүнө уруксат берилерин түшүндүргөн. Тез татым жайларын иштеткен ишкерлерге өзгөчө соустарды өздөрү даярдабашы керектиги эскертилген.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.03
EUR 85.14
RUB 1.37

Конвертер валют