Үрүмчү — Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү — Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.

Эртен 5-июлдан тартып, «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саатты түзөт.

Белгилей кетсек, Кытайга аба каттамдар 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учураган болчу.

Пандемияга чейин China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү –Бишкек – Үрүмчү багытында үзгүлтүксүз аба каттамын аткарып келген.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.00
EUR 85.04
RUB 1.37

Конвертер валют