«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз — Акылбек Жапаров

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз — Акылбек Жапаров

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, аэропорт боюнча өз пикирин, көз карашын билдирди.

Анда Жапаров бүгүнкү күндө аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштай турганын, эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынаарын айтат.

«Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат.

Бүгүн биз 100% өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 млрд сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50% үлүшүбүз менен эле 8 млрд сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: «Манас» менен «Ош» хаб болуп иштей баштайт. Учактардын учуп-конуусу көбөйөт.

Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз «эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер» деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. «Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз» деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат.

Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар: «39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз» деп жатышат. Тагыраагы, үстүнө пайда көрбөй калабыз деп жатышат.

Азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз.

Түшкөн пайданы 50/50 менен бөлүшөбүз деген келишим түзөлү деп жатабыз. Башкарууну да чогуу кылабыз. Эмне алар аэропортторду көтөрүп кетмек беле. Биздин көзөмөлдө болот. Өмүр бою бизде калат. Дүйнө жүзүндө эң чоң аэропорттор ушундай жолдор менен курулган. Азыр да ушундай үлүштөр менен иштеп келе жаткан өнүккөн аэропорттор бар», — дейт министрлер кабинетинин жетекчиси өзүнүн маегинде.


Economist.kg мурда кабарлагандай, министрлер кабинети Түркиянын YDA Group компаниясы менен «Манас» жана «Ош» аэропортторун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык, эки жылдын ичинде YDA Group 450 млн доллардан 1 млрд долларга чейин инвестиция салып, эки аэропортту толук реконструкциялоону ишке ашырышы керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют