Кытай экинчи айланма Чүй каналын бекер куруп берет

Кытай экинчи айланма Чүй каналын бекер куруп берет

Кытай «Экинчи айланма Чүй каналын куруу» долбоорун ишке ашырууга гранттык негизде каражат берет, тагыраак айтканда, бекер куруп берет.

Мындай маалымат 1-июлда Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу учурунда айтылды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мадмаров айланма Чүй каналын, ошондой эле кар көчкүдөн сактоочу курулуштарды жана Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеген.

Кытай элчиси Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон бул долбоорлорго Кытай тарап колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Ошондой эле жолугушууда «Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан» темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетүү маселеси каралды.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.03
EUR 85.14
RUB 1.37

Конвертер валют