Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Аларды сыйлоо аземи 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.
Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 23 компания аталды:
- өндүрүш жаатында – «РыбМир» ЖЧК, «Салих ЛТД» ЖЧК, «Ош-Мастер» ЖЧК, «Табылгы» ЖЧК, «Интерхим» ЖЧК, «Ош Сут» ААК, «Нур» ЖЧК, «Бай Дыйкан» ЖЧК
- курулуш жаатында – «Глобал Строй Сервис» ЖЧК, «Ак-Тулпар» ЖЧК, «Падыша Ата Лимитед» ЖЧК
- соода жаатында – «Нефтяная компания Сервис» ЖЧК, «Мечта Кей Джи» ЖЧК, «Техно-Сервисный Центр «Айсберг» ЖЧК, INTANT-Bishkek ЖЧК, «Металл Торг Сервис» ЖЧК, «Империя пиццы» ЖЧК, «Торговый Дом «Керамин» ЖЧК
- тейлөө жаатында – «Альфа Телеком» ЖАК, TEZ JET ЖЧК, City Center ЖЧК, «Билет Стандарт» ЖЧК, Baker Tilly Bishkek ЖЧК.
Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.