Жарым жыл ичинде 263 бизнеске банктан кредит алууга мамлекеттик кепилдик берилди

Жарым жыл ичинде 263 бизнеске банктан кредит алууга мамлекеттик кепилдик берилди

Жыл башынан тартып, 30-июнга чейин «Кепилдик фонду» ААК банктардан насыя алуу үчүн ишкерлерге 500 млн сомдон ашык суммага 263 кепилдик берген.

Кепилдиктин жардамы менен коммерциялык банктардан насыя алуу үчүн күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлер кредит ала алышты. Фонддун маалыматы боюнча, жыл башынан бери мамлекеттин кепилдиги менен алынган банк кредиттеринин көлөмү 2 млрд сомдон ашкан.

«Кепилдик фонду» ишин баштагандан бери кепилдиктердин 83%ы өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнести колдоого багытталганын фонд кызматкерлери белгилешти. Негизинен ресурстар айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, өнөр жайды жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

«Кепилдик фонду» иштеп баштагандан тартып, берилген кепилдиктердин эсебинен 4 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлүп, 16 миңден ашык иштеп жаткандар колдоого алынган.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.45
EUR 86.10
RUB 1.38

Конвертер валют