Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Бүгүн, 1-июлда, 2022-жылдын жайкы сезонундагы биринчи рейс Оштон Ысык-Көлгө учуп келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Оштон Ысык-Көлгө биринчи каттам менен 100 жүргүнчү учуп келип, Ысык-Көлдөн Ошко 96 жүргүнчү учту.

Бул каттамды ата мекендик TezJet авиакомпаниясы ишке ашырат. Ал Ош – Тамчы – Ош каттамы боюнча жумасына 6 жолу: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.

Айта кетсек, бул каттам сентябрь айына чейин гана ачылары белгиленген.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют