Алты өлкөнүн темир жол тармагынын өкүлдөрү эл аралык маршрутту өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Алты өлкөнүн темир жол тармагынын өкүлдөрү эл аралык маршрутту өнүктүрүү маселесин талкуулашты

Кечээ, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында «Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа» эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү боюнча темир жол жетекчилеринин алты тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Грузия, Түркиянын темир жол башкармалыктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжандык логистикалык компания катышты.

«Кыргыз темир жолу» ачык акционердик коомунун башкы директору Азамат Сакиевдин айтымында, жыл сайын өтүүчү мындай жолугушуулар маршрутту өнүктүрүү долбоорун кыйла кеңейтип, темир жол администрациялары, логистикалык компаниялар жана бул маршруттун башка катышуучулары ортосундагы өз ара аракеттешүүнү күчөтүп, актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүүгө жардам берет.

Жыйындын катышуучулары эл аралык мультимодалдык каттам долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты. Эгерде бул коридордун бардык катышуучулары чараларды макулдашып, өз ара аракеттешип турса, бул каттам өнүгөт, жүк ташуулардын көлөмү көбөйөт, контейнердик поезддердин өтүүсү жана жүктөрдү аралаш ташууну уюштуруу тездейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында алар мультимодалдык маршрутту мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жазылган протоколго кол коюшту.

Маалымат үчүн:

Мультимодалдык коридор – жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн темир жол жана автомобиль жолдорун камтыган эл аралык маршруттар.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют