Министрлер кабинети Кыргызстандын экинчи экономикалык жүрөгүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мындай таяныч пунктунун борбору Жалал-Абад шаарында жайгашмакчы. Бул тууралуу минкаб башчысы Акылбек Жапаров парламенттин кечээги 29-июндагы жыйынында билдирди.
«Электр энергиясынын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда иштелип чыгат, ошондой эле «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолу Жалал-Абад аркылуу өтөт, темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) да ошол жерде жайгашат», — деди министрлер кабинетинин башчысы.
Жапаров ошондой эле азыркы министрлер кабинети токтоп калган ишканаларды сатуу саясатынан алыс экенин кошумчалады. Анын ордуна бийлик токтоп турган заводдорду калыбына келтирүүнү көздөйт.
Жапаров «Майлуу-Суу лампа заводун» мисал келтирди. Анын айтымында, бул ишкана мамлекетке кайтарылып, министрлер кабинети аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомдук бизнес-долбоорду бекиткен.