Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев

Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев

Түркиянын YDA Group компаниясы 39 жылга «Манас» жана «Ош» аэропортторун сырттан башкарууга алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бул түркиялык компания ачык сынаксыз тандалып алынган.

«Ачык сынак өткөрүү пландалган болчу, ага германиялык жана кореялык компаниялар катышмак. Министрлер кабинети болсо сынаксыз эле баарын түркиялык YDA INSAAT компаниясына 39 жылга өткөрүп берүүнү чечти. Тышкы иштер министрлиги менен өкмөттөр аралык комиссия терс чечим чыгарган. Компания 557 млн доллар инвестициялоону пландаштырууда. Бирок аэропорт жылына 50 млн доллар берет, жыл сайын 5%га өсөт. Биз жөндөн жөн эле түрк банкына 207 млн доллар пайыз төлөйбүз», — деп Акаевдин айткан сөзүн 24.kg жазат.

Депутат Шайлообек Атазов кесиптешин колдоп, аэропорт тууралуу маалыматты угууну сунуштады.


Economist.kg мурда билдиргендей, Кыргызстан 2021-жылдан бери Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте «Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча иштеп келет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында «Манасты» өнүктүрүүгө финансылык гана эмес, операциялык тажрыйбаны да алып келе турган ири инвесторду тартуу пландалууда.

Ошол эле учурда «Ош» аэропортуна инвестор тартуу боюнча буга чейин эч нерсе айтылган эмес.

«Манас» аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга тогуз компания кызыкканын билдирген:

  • Munich Airports (Германия)
  • Korea airports corporation (Түштүк Корея)
  • Incheon airports (Түштүк Корея)
  • EGIS (Франция)
  • YDA Group (Түркия)
  • Corporation America airports (Аргентина)
  • Airports of Regions (Россия)
  • GMR Group (Индия)
  • ICTAS (Түркия)

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют