Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт

Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт

Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт. Бул тууралуу 29-июнда экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Тараптар Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылана турган «Экинчи айланма Чүй каналынын (ОЧК-2) курулушу», «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «5 инженердик курулуш» («Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолу, I фаза) долбоорлору боюнча маселелерди талкуулашты.

Абдрахманов ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.

Ли Юе өз кезегинде Кытай өкмөтү бул долбоорлордун Кыргызстан үчүн маанилүү экенин түшүнөрүн белгилеп, ишти илгерилетүүгө жардам бергенге даяр экенин билдирди.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют