«Кыргызиндустрия» ААКтын алдында кийим-кече жана эмерек жасоо тармагы үчүн аксессуарларды жана көмөкчү материалдарды чыгаруу, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерин, кассалык машиналарды жана персоналдык компьютерлерди чогултуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларды өнүгүү куралы катары кароо керек, алар экономиканын локомотиви болушу керек.
«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат», — деди Жапаров.
Минкаб башчысы Туризмди өнүктүрүү фонду да түзүлүп, быйыл 34 долбоорду, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоорлорду ишке ашыра баштаарын эскертти.
Ошондой эле анын айтымында токтоп турган Кара-Балта килем комбинатынын негизинде синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди, тигилген буюмдарды чыгаруу боюнча текстиль кластери ишке киргизилгени жатат. Пахта-текстиль кластерин түзүү маселеси да иштелип жатат.
«Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан аларды кайра ишке киргизүүгө өттүк. Маселен, Майлы-Суудагы электр лампа заводун мамлекет кайтарып, аны модернизациялоого 1 млрд сом каралган. Кара-Балтадагы оңдоочу завод, Кара-Балта шаарындагы «Даназык» мамлекеттик ишканасы да мамлекетке кайтарылды. Токтоп калган ишканаларды кайра ишке киргизүү даярдалып жатат», — деди ал.