Россия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Индия учуп келгендерден терс ПЦР-тесттерин же эмдөө сертификатын талап кылууну улантууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Россия, БАЭ, Индия талаптарын жоё элек. Ошондуктан Кыргызстандын аэропортторунда аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпаниялардын өкүлдөрү ПЦР-тестин же эмдөө сертификатын талап кылышат», — деп белгилешти аэропорттон.
Тескерисинче, Өзбекстан, Казакстан жана Түркияга баргандар үчүн бардык талаптар жокко чыгарылды. Бул өлкөлөр июнь айында ПЦР-тести же эмдөө сертификаты милдеттүү түрдө болушун талап кылууну токтотушкан.
Ошол эле учурда, жүргүнчү Түркия аркылуу транзит менен учса, бара турган өлкөнүн элчилигинен эрежелерди тактап алуу керек экендигин «Манас» аэропортунун өкүлдөрү белгиледи.
Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту» өзү ПЦР-тестин талап кылбайт. Бул аэропорттордун эмес, жүргүнчү бара турган өлкөнүн талаптары экени белгиленди. Андыктан жүргүнчүлөр авиабилет сатып алып жатканда же бара турган өлкөнүн элчилигинде ПЦР-тести тууралуу маалыматты такташы керек.