Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен «Бишкек шаарына инвестиция жаса» аталган инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Справочник бөлүмдөргө бөлүнүп, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, чет өлкөлүк тике инвестициялар боюнча көрсөткүчтөрдү, Бишкек шаарында бизнес жүргүзүү, инвестициялык климат боюнча маалыматты камтыйт.

Ошондой эле өзүнчө берилген «Биз сунуштаган Бишкек шаарындагы инвестициялык долбоорлор» бөлүмү өзгөчө кызыгуу жаратат. Бул долбоорлорду илгерилетүүгө агенттик айрыкча басым жасамакчы.

Ар бир долбоор Бишкек шаарынын айрым көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Анын ичине: транспорт, экология тармагы, унаа токтотуучу жайларды, тиричилик жана тамак-аш таштандыларын чогултууну жакшыртуу, «Бишкек-сити» эл аралык бизнес борборун куруу, темир жолдун жаңы автожолдун курулушу жана ТЭЦ-2нин жумушун калыбына келтирүү кирет.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.00
EUR 84.48
RUB 1.35
Моссовет
USD 84.00
EUR 87.00
RUB 1.39

Конвертер валют