Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин «Түркияда казинолор иштейт» деген сөзүнө Түркия элчилиги жооп берди. Дипломатиялык өкүлчүлүк анын сөздөрүн орунсуз деп эсептейт.
«Кыргызстанда казино ачуу боюнча ички саясий талкуулар Кыргызстандын ички иши. Саясий талкууларда бул багытта Түркияны мисал келтирип, Түркияда казинолор ачык деп кыргыз коомчулугуна айтуу туура эмес болуп эсептелет. Түркиядагы казинолор өкмөттүн чечими менен 1996-жылы жабылган», — деп билдирди элчилик.
Белгилей кетсек, Абыкеев буга чейин «Биринчи радиого» берген маегинде: «Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Түркия, Иран сыяктуу ислам динин карманган бир катар мамлекеттерде казинодо ойношот, бирок алардын баары кумар оюндарына берилип кеткен жок», — деп айткан эле.